Аймак

КЫТАЙДА ЭЛ АРАЛЫК VIII «МАНАС» МАДАНИЙ-ТУРИСТТИК ФЕСТИВАЛЫ АЯКТАДЫ

КЫТАЙДА ЭЛ АРАЛЫК VIII «МАНАС» МАДАНИЙ-ТУРИСТТИК ФЕСТИВАЛЫ АЯКТАДЫ

 1,693 Бардыгы /

ҮРҮМЧҮ. Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Ак-Тоо уездинде VIII «Манас» Эл аралык маданий-туристтик фестивалы өткөрүлдү.

Аталган фестивалдын ачылышына эле эки миңдей адам катышып, муну он миңге чукул көрөрмандар (арасында чет өлкөлүктөр дагы бар) көрүштү. Адегенде Манас айтылды. Буга улай ат оюндары, топозго минип жүрүш жасоо көрсөтүлдү. Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун агартуу боюнча жумушчу комитетинин катчысы,  партиялык комитеттин катчысынын орун басары Сун Вэньгуан катышып,  «Ажайып Кытай. Эң кооз Батыш жергеси!» аталышындагы фестиваль татыктуу өтүп жаткандыгына токтолду.

– VIII «Манас» Эл аралык маданий-туристтик фестивалы Кытайга келген туристтерге эпостун маңызын даана түшүндүрүп, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун баалуулуктарын, кааада-салттарын жана маданиятын гана даңазалайт. Ошондой эле жамы журтка Кыргыз дараметин пропагандалайт, – деди Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун агартуу боюнча жумушчу комитетинин катчысы,  партиялык комитеттин катчысынын орун басары Сун Вэньгуан.

Ошентип, жергиликтүү бийлик мындай иш-чараларга өзгөчө маани берип, бул аркылуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Эл аралык аброюн ого бетер жогорулатууга кызыкдар экендиги айтылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17