Аймак

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ WWW.KGINFO.RU САЙТЫНЫН ЖАРАТУУЧУСУ МЕНЕН КЕЗИКТИ

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ WWW.KGINFO.RU САЙТЫНЫН ЖАРАТУУЧУСУ МЕНЕН КЕЗИКТИ

 1,235 Бардыгы /

МОСКВА. Орусиядагы  Кыргыз Элчилигинде Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиядагы Кыргыз журналисти,  www.kginfo.ru сайтынын жаратуучусу А.Эгембердиев менен жолугушту.

Жолугушуу маалында Кыргыз Элчилигинин, Орусиянын аймактарында жашап жатышкан кыргызстандык мекендештерибиздин, Кыргыз диаспорасынын бардык иш-чараларынын жалпыга маалымдоо каражаттарында бейтарап чагылдырылышы, Орусиянын ЖМКларында кыргызстандыктарга тиешелүү маалыматтарга ыкчам жана адилеттүү көңүл  буруу тууралуу актуалдуу маселелер кенен-чонон талкууланды.

Соңунда Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда эки тараптуу союздаш мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымы www.kginfo.ru сайтынын ийгиликтүү иш алып баруусун камсыздоосу үчүн А. Эгембердиевге Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчилигинин атынан Алкыш каты тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17