Аймак

УЛУТТУК  БАНК ГАРАНТИЯЛЫК ФОНДДУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАТ

УЛУТТУК  БАНК ГАРАНТИЯЛЫК ФОНДДУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАТ

 1,715 Бардыгы /

Улуттук банктын «Гарантиялык фонд» ААКдагы үлүшү 49 пайызга чукулдап калды. Бул тууралуу маалыматты аталган фонддун төрагасы Малик Абакиров 29-июлда “Кабар” маалымат агенттигинде пресс-конференция учурунда айтты.

Мындай чечим Улуттук банк тарабынан кабыл алынып, ушул жылдын 19-июлунда Гарантиялык фонддун 550 млн. сомго барабар акциясы сатылып алынган. Гарантиялык фонд тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, өлкөнүн башкы банкы мындан ары Гарантиялык фонддун ишин жөнгө салып, көзөмөлдөө милдетин да аткарат. Мындай кадамдын негизги максаты ишкерлер тарабынан алынып жаткан кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу жана тобокелге кептелип калууга жол бербөө аркылуу каржылык туруктуулукту сактоо болуп саналат, – деди фонддун башчысы.

Дүйнөлүк тажрыйбада гарантиялык фонддордун 70% борбордук банктар, 20% финансылык чалгындоо кызматы тарабынан көзөмөлдөнүп турса, 10% эч кимдин көзөмөлүсүз иштей турганын да кошумчалады Малик Абакиров.

P.S. Гарантиялык фонд 2016-жылы 72 млн. сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата анын уставдык капиталы 1миллиард 132 миллион сомго чейин жогорулаган.

Зирек АСАНОВА,

Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17