Аймак

ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД ИШКЕР АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД ИШКЕР АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

 2,271 Бардыгы /

Бул тууралуу “Гарантиялык фонд” ААК башкармасынын төрагасы Малик Абакиров 29-июлда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда билдирди.

Гарантиялык фонд тарабынан 2016-жылдан 2019-жылдын ушул күнүнө карата 1,2 млрд. сомго 916 гарантия берилген.

Ал эми, ишкер айымдарга бүгүнкү күнгө карата 248 гарантия берилип, алардын жалпы суммасы 285 млн. сомго барабар болгон. Ошентип, өндүрүш тармагына берилген гарантиялардын жалпы көлөмүндө айымдардын ишкердик үлүшү 28% түзөт. Эми, ишкердик менен алектенген айымдар бизге түз эле келип кайрылса, аларга жардам берүүгө биз ар дайым даярбыз, -деди Малик Абакиров.

P.S. “Гарантиялык фонд” ААК чакан жана орто ишкердик менен алектенгендерге гарантиялык жардам көрсөтүү максатында иш алып барууда.

Зирек АСАНОВА,

Бишкек шаары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17