Аймак

АКТИВИСТТЕР ӨЗБЕК ӨКМӨТҮН КАРИМОВА МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗБӨӨГӨ ЧАКЫРЫШУУДА

АКТИВИСТТЕР ӨЗБЕК ӨКМӨТҮН КАРИМОВА МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗБӨӨГӨ ЧАКЫРЫШУУДА

 1,262 Бардыгы /

Өзбекстандын жарандык коомунун активисттер тобу Швейцария, Франция, АКШ, Гибралтара жана Өзбекстан өкмөттөрүнө, прокуратураларына жана Юстиция министрликтерине кайрылып, Гүлнара Каримованын ишинде адилеттүүлүктү орнотууну жана анын мыйзамсыз активдеринин тагдырын чечүүнү талап кылышты.

Кайрылуунун авторлору Гүлнара Каримованын активдерин кайтарууга байланыштуу иштер Өзбекстанда каралышы керек деп эсептешет.

Алар Өзбекстанда Гүлнара Каримованын адвокаты жана кызы өзбек бийлиги менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген пикирде. Укук коргоочулардын айтымында, Каримова Швейцариядагы активдерин эркиндигине алмашууга аракеттенүүдө. Анын адвокаты дагы жасаган иши үчүн тоңдурулган активдердин бир бөлүгүн алууга белсенүүдө деп шек санашууда.

“Өзбекстан өкмөтү бул шартты кабыл алабы-жокпу билбейбиз, бирок Каримова Зангиата абагынан жайлуураак үй камагына чыгышы мүмкүн. Кандай гана келишим болбосун Өзбекстан өкмөтү үчүн пара болуп эсептелет. Каримова болсо мурдагыдай пара алган эмес, берген тарапка өтөт”, деп айтылат билдирүүдө.

Маркум президент Ислам Каримовдун кызынын банк эсептери 2015-жылы АКШда жана Европада ага каршы коррупция боюнча кылмыш иштери козголгондон кийин камакка алынган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда иштегиси келген телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган деп эсептешет. Ал акча офшордук фирмалар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылган.

555 миллион долларга жакын акча Швейцарияда табылган. Өткөн айда ал өлкөнүн бийлиги жок дегенде ошол сумманын жарымын кайтарууга макул болгон. Адвокат Грегуар Манже колонияда отурган Каримованын абалы начарлаганына жана ага керектүү медициналык жардам берилбегенине байланыштуу акча кайтаруу токтотулганын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17