Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДЫКТАРДЫН ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ИЙГИЛИГИ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫКТАРДЫН ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ИЙГИЛИГИ

 1,777 Бардыгы /

ЫСЫК-КӨЛ.  24-27-июль күндөрү Кыргызстандын бермети эсептелген Ысык-Көлдө маркум, милициянын прапорщиги Б.Абдраевдин жаркын элесине арналган спорттун көп түрдүүлүгү боюнча мелдештер болуп өттү.

Өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген спортчулар аркан тартыш, таяк тартыш жана таш көтөрүү менен өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүштү. Жалал-Абад ОИИБдин намысын коргогон команда аркан тартышта өзгөчөлөнүп биринчиликти багындырышты. Финалда Талас командасы менен кез келип, оюн айыгышкан сүрөөн, күйөрмандардын колдоосу менен өтүп, кызуу таймаш орун алды. Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБдин командасы күчтүүлүгүн көргөзүп, атаандаштарын белгиленген сызыктан өздөрү тарапка тартып өтүшүп, 2-0 эсеби менен утуп алышты. Мындан сырткары дагы бир кызматкер Ыманказы Койлуев таяк тартышта өзүнүн мыктылыгын көргөзүп, 105 кг. жогору салмакта коло медаль тагынды.

 Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17