Аймак

ТАЖИКСТАНДА ШИНГ ДАРЫЯСЫНДАГЫ УУЛУУ КАЛДЫКТАР ҮЧҮН АЛТЫН ИШКАНАСЫНА АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

ТАЖИКСТАНДА ШИНГ ДАРЫЯСЫНДАГЫ УУЛУУ КАЛДЫКТАР ҮЧҮН АЛТЫН ИШКАНАСЫНА АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

 650 Бардыгы /

Тажикстан Айлана-чөйрөнү коргоо комитети алтын иштетүүчү «Зарафшон» ишканасынан алыс эмес жерде зыяндуу калдыктар төгүлгөн жай табылганын билдирүүдө.

Комитет төрагасынын орун басары Бунёд Абдумаликзоданын билдиришинче, бул жай айлана-чөйрөгө 200 миң сомониге тете (20 миң АКШ доллары) зыян алып келген, ишканага 11 миң сомони (1200 АКШ доллары) айыппул салынган.

Маалыматтарга караганда, Шинг дарыясынын жээгиндеги таштандынын көлөмү 3330 куб метрди түзгөн. Ысык аба ырайы жана нөшөрлөгөн жамгыр менен селдин айынан таштандынын бир бөлүгү дарыяга түшкөн.

Абдумаликзода ишканадан чыккан калдыктардан балыктар кырылганы тууралуу маалыматты тастыктаган жок. Анын айтымында, үч экспертиза жүргүзүлгөн, балыктардын организминен уулуу заттар табылган эмес. Буга чейин жергиликтүү тургундар ишканадан алыс эмес жерде өлгөн жүздөгөн балыктардын сүрөттөрүн социалдык түйүндөргө жайгаштырышкан.

Экологдор тажик бийлиги өнөр жай процесстеринде алгач экологиялык кесепеттерди эске алып, андан соң гана экономикалык келишимдерди түзүшү зарыл экенин белгилешүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17