Аймак

АРЫСТА ЗЫЯНГА УЧУРАГАН ҮЙЛӨР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

АРЫСТА ЗЫЯНГА УЧУРАГАН ҮЙЛӨР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

 695 Бардыгы /

Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон Арыс шаарындагы 5 776 үйдө “негизги калыбына келтирүү жумуштары” бүткөнүн билдирди

Министрликтин маалыматына караганда, калыбына келтирилген үйлөрдүн 2529унда жеңил-желпи ремонт иштери уланууда. Жумушчулар көп кабатуу төрт үйдү пайдаланууга берди, дагы 17 көп кабаттуу үйдө капиталдык ремонт аяктады. Шаарды калыбына келтирүү жумуштарына канча акча кеткени айтылган жок.

24-июнда Түркстан облусунун Арыс шаарындагы жарылуудан үйлөрдүн 85% зыянга учурап, 20дан ашуун турак-жай өрттөнүп кеткен. Өкмөт калааны бюджеттик каражат, демөөрчүлөрдүн жардамы жана элден чогулган акчага калыбына келтирүүгө убада кылган.

Ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дагы бир наристенин абалы оор, учурда ал ооруканада.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17