Аймак

“ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК” КАЙРА АЛЕКСАНДР КИМГЕ ӨТТҮ

“ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК” КАЙРА АЛЕКСАНДР КИМГЕ ӨТТҮ

 1,203 Бардыгы /

Бишкек шаардык соту Александр Рябушкин менен Галина Рябушкинаны “Вечерний Бишкек” басма үйү” жабык акционердик коомундагы үлүшүнөн ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирди.

Жактоочунун айтымында, тараптар баштапкы ордуна келди – Александр Ким “Рубикон” рекламалык компаниясынын жана “Вечерний Бишкек” басма үйү” жабык акционердик коомунун активдеринин жана акцияларынын ээси.

«Айрым техникалык маселелер калды, бирок сот өз чечими менен Кимге баарын кайтарып берди», – деди Сергей Воронцов.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, алгач «Рубикон», андан соң басма үйү толугу менен Рябушкинге өткөн. Бирок 2018-жылы Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазып, эки кылмыш иши козголгон, Рябушкин камакка алынган.

«Вечерний Бишкек» өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлк талаштын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын «Вечерний Бишкектин» кожоюну да өзгөрүп келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17