Аймак

УСАМА БИН ЛАДЕНДИН УУЛУ ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ КАБАРЛАНУУДА

УСАМА БИН ЛАДЕНДИН УУЛУ ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ КАБАРЛАНУУДА

 1,302 Бардыгы /

31-августта америкалык ММКлар “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладендин өлгөнүн кабарлашты.

NBC News кабарлагандай, Акүй Хамза бин Ладен АКШ катышкан операцияда чындап эле өлгөнүн ырастоодо. New York Times эки жылдан бери аны кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп келгенин, бирок кенже бин Ладендин өлгөнүн ырастоого ынанымдуу далилдер жок болгонун билдирүүдө.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти болжол менен отуз жаштан ашкан Хамза бин Ладен “Ал-Каида” террордук тобунун мураскору болорун божомолдоп келген. АКШ бин Ладенди кармоого түртү берген маалымат үчүн миллион доллар сыйакы жарыялаган.

Акчалай сыйакы көрсөтүү чечими Хамза бин Ладен интернетке Кошмо Штаттарга жана анын өнөктөштөрүнө чабуул жасоого чакырган ауди-видео материалдарды жайгаштыргандан кийин кабыл алынган. Ал муну 2011-жылы май айында атасынын Пакистанда өлтүрүлгөнү үчүн өч алуу деп атаган. Усама бин Ладендин уулдарынын бири атасын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. “Ал-Каида” башчысынын үчүнчү уулу террордук иштерге аралашкан эмес.

Саудиялык “Ум аль-Кура” гезитинин маалымдашынча, Сауд Арабия Хамза бин Ладенди жарандыктан ажыраткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17