Аймак

НУР-СУЛТАНДА СИРИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН КЕЗЕКТЕГИ АЙЛАМПАСЫ ӨТҮҮДӨ

НУР-СУЛТАНДА СИРИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН КЕЗЕКТЕГИ АЙЛАМПАСЫ ӨТҮҮДӨ

 612 Бардыгы /

1-августта Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында Орусия, Иран жана Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эки күнгө созула турган сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасында Сириянын Идлиб провинциясынын түндүк-батышындагы жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кырдаал, ошондой эле Сириянын конституциялык комитетин түзүү негизги маселе катары каралат.

Москва, Тегеран жана Анкара Сирия жаңжалында ар кайсы көз караштагы күчтөрдү колдошот. Бирок үч мамлекет тең 370 миңден ашык адамдын өмүрүн алган жана миллиондогон кишини жер которууга аргасыз кылган Сирия согушун толук токтотууга кызыкдар экендигин билдирип келишет.

Иран менен Орусия 2011-жылы мартта башталган Сириядагы согушта Асаддын күчтөрүнө олуттуу аскердик жардам көрсөтүп келишет. Түркия болсо ар кыл козголоңчул топторду кубаттайт.

1-августта Орусиянын Коргоо министрлиги өз сайтында орус аскерлеринин Сириядагы аракеттерине арналган атайын бөлүм ачылганын билдирди. Москва мындай чечимин «Орусиянын эл аралык терроризмге каршы күрөшү жөнүндөгү жасалма маалыматтарга каршы чара» деп атады. Сирия жана орус өкмөттөрү өлкөдөгү Асаддын каршылаштарын көбүнчө «террорчулар» деп айтып келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17