Аймак

БАНГОКТО АСЕАН САММИТИ УЧУРУНДА АЛТЫ ЖОЛУ ЖАРДЫРУУ БОЛДУ

БАНГОКТО АСЕАН САММИТИ УЧУРУНДА АЛТЫ ЖОЛУ ЖАРДЫРУУ БОЛДУ

 1,203 Бардыгы /

Бангоктун ар кайсы бөлүгүндө удаалаш алты жолу жардыруу болду. Полиция жана дарыгерлердин маалыматына караганда, жардыруунун кесепетинен төрт киши жабыркады, бирөө ооруканага жеткирилди.

Полиция эки шектүү кармалганын билдирди. Таиланд премьер-министринин администрациясынын билдирүүсүндө: “Биз иликтөөнү токтоосуз түрдө баштайбыз. Окуянын өнүгүшүнө кылдат көз салып, коопсуздук чараларын күчөтөбүз. Кишилерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз” деп айтылат.

Полициянын маалыматына караганда, алгачкы жардыруу шаардын борборунда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7де болгон. Андан кийинки жардыруулар метро станциясында, өкмөттүк имараттардын кварталында жана шаардын четиндеги жолдо болгон.

Бомбалардын бири Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин ассоциациясынын (АСЕАН) жолугушуусу өтүп жаткан жерге жакын жарылган. Бул жылы саммитке Улуу Британия, Орусия, Кытай жана АКШдан делегациялар катышууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17