Аймак

TILDA КАЗАКСТАНДА САЙТТАРДЫН IP-ДАРЕКТЕР БОЮНЧА БӨГӨТТӨЛҮШҮН СЫНДАДЫ

TILDA КАЗАКСТАНДА САЙТТАРДЫН IP-ДАРЕКТЕР БОЮНЧА БӨГӨТТӨЛҮШҮН СЫНДАДЫ

 1,112 Бардыгы /

Сайттарды жасоого жардам берген популярдуу Tilda платформасы Казакстанда сайттардын IP-дареги боюнча бөгөттөлүшүн сынга алып, аны «эскирген жана варвардык ыкма» деп атады.

Кеңсеси Москвада жайгашкан компания көптөгөн колдонуучулар алардын сайты Казакстандын аймагында ачылбай жатканын айтып даттанышкан. Онлайн-сервистин билдирүүсүндө сайттын эки IP-дарегине өзүнчө чектөө коюлганы жана чектөө «миңдеген» сайттарга таасирин тийгизиши мүмкүн экени жазылган.

Сервистин Казакстандын Улуттук телекоммуникациялык операторуна шилтеме кылып билдиргенине караганда, көрсөтүлгөн IP-дарек өлкөдө тыюу салынган rainbow-spa.kz сайтынын IP-дареги менен туура келет. Бул сайттын ээси «Балдардын укуктары жөнүндө» жана «ЖМКлар жөнүндө» мыйзамдарды бузгандыгы кабарланууда.

Өз билдирүүсүндө сервис сайттарды IP-даректери боюнча чектөө заманбап технологияларга туура келбей тургандыгын белгилеген.

Tilda колдонуучуларга визуалдык конструкторлордун жардамы менен даяр «блоктордун» негизинде сайттарды түзүүгө мүмкүндүк берген сервис. Анда казакстандык ишканалардын ондогон сайттары жайгашкан. Алардын бир катарына Казакстандын аймагынан кирүүгө дале болсо мүмкүн. Азырынча сервистин бул билдирүүсү боюнча Казакстандын Улуттук байланыш оператору комментарий бере элек.

Казакстанда сайттарды, социалдык түйүндөрдү жана блог-платформаларды бөгөттөө сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес. Өлкөдө узак убакыт бою Tumblr жана LiveJournal деп аталган эки ири блог-платформа иштебей турат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17