Аймак

МЕДВЕДЕВ ТҮРКМӨНСТАНГА БАРАТ

МЕДВЕДЕВ ТҮРКМӨНСТАНГА БАРАТ

 710 Бардыгы /

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу айың кептер тарап жаткан маалда Түркмөнстанга иш сапар менен барат.

Орус өкмөт башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, Медведев 11-12-августта биринчи Каспий экономикалык форумуна катышуу үчүн барат. Сапардын алкагында Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу жана эки тараптуу кызматташууну талкуулоо пландалууда.

Бердымухамедов 5-июлдан тарта эл алдына чыга элек, түркмөн бийлиги президент 15-августка чейин эмгек өргүүдө экенин билдирүүдө.

Гурбангулы Бердымухамедовдун ажал тапканы тууралуу кабарды негизинен айрым орусиялык маалымат каражаттары жарыялаган. Анда “түркмөн президенти бөйрөк оорудан күтүүсүз көз жумду” деп айтылган.

Бирок Түркмөнстандын Орусиядагы элчиси бул маалыматты төгүндөгөн.

Бул арада түркмөн эстрада өкүлдөрү социалдык медиа аркылуу түркмөн президентинин өлгөнү тууралуу жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырган видеокайрылуу жолдошкон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17