Аймак

КАЗАКСТАНДА «ТЕРРОРИЗМДИ ПРОПАГАНДАЛООГО» АЙЫПТАЛГАН СЕГИЗ ЖАРАН СОТТОЛДУ

КАЗАКСТАНДА «ТЕРРОРИЗМДИ ПРОПАГАНДАЛООГО» АЙЫПТАЛГАН СЕГИЗ ЖАРАН СОТТОЛДУ

 684 Бардыгы /

Алматыда «терроризмди пропагандалоого» жана «диний кастыкты козутууга» айыпталган сегиз жаран узак мөөнөттөргө соттолушту.

Сот өкүмүнө ылайык, «терроризмди пропагандалоо» жана «кастыкты козутуу» айыбы менен Болатбек Нургалиев сегиз, Ернар Саматов менен Бекет Мынбасов жети жылдан эрктеринен ажыратылышты. Мындан тышкары «кастыкты козутууга» айыпталган Азамат Умбеталиев, Жасулан Искаков, Самат Адилов, Назим Абдрахманов жана Есим Сулейменов беш жылдан соттолушту.

Өкүм окулгандан кийин соттолгондордун жакындары нааразылык билдирип, сот имаратынын алдында «Бизге адилеттүү сот керек» жана «Күнөөсүздөр түрмөдө отурбашы керек» деген жазууларды кармап турушту.

Иштин материалдарына ылайык, Болатбек Нургалиев «терроризм жана салафизм идеясын пропагандалоо» жана бул агымдын жактоочуларын көбөйтүү» максатында WhatsApp мессенджеринде топ ачып, ага сегиз «тилектешин» кошкон. Өкүмгө ылайык, алар анда «диний темаларды талкуулап, терроризмди пропагандалоо менен диний кастыкты козутушкан».

Тараптардын жарыш сөзүндө сүйлөгөн айыпталуучулар күнөөлөрү жок экенин айтып, соттон актоону өтүнүшкөн.

Бул иш боюнча дагы бир айыпталуучу Жулдызбек Таурбековдун жүрөк оорусуна байланыштуу, анын соту кийинчерээк өтө турганы кабарланды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17