Аймак

ЕККУ КАДАМЖАЙ МИЛИЦИЯСЫНА КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА УНААСЫН ТАРТУУЛАДЫ

ЕККУ КАДАМЖАЙ МИЛИЦИЯСЫНА КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА УНААСЫН ТАРТУУЛАДЫ

 679 Бардыгы /

БАТКЕН. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) пилоттук долбоорунун алкагында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө көчмө кабылдама автоунаасы тапшырылды.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей,  бул көчмө кабылдаманын негизги вазийпасы – милиция менен элдин, айрыкча алыскы айылдардын байланышын ого бетер жакшыртуу, тургундардын арыз-сунуштарын создуктурбастан жеринде эле кабыл алуу.

Баса, айыл жерине өзү барып барып, калктын кайрылууларын кабыл алууга атайын шаймандар менен жабдылган автоунаа буга дейре Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондоруна жана Кызыл-Кыя шаарына дагы ыроолонгон.

Ошентип, жыл башынан бери милициянын көчмө кабылдама автоунаалары 83 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгышып, жалпысынан 301 тургунду кабыл алганга, арыз-датын жеринде тыңдаганга үлгүрүшкөн.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17