Аймак

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ҮЧ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ҮЧ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

 2,133 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров БаткенрайонунунАк-Сай айылындагы Б. Ходжаев атындагы орто мектебинин   капиталдык ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты. Агартуу журтун оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын 21-июлунан башталган. Жалпысынан капиталдык ремонт иштерине республикалык бюджет эсебинен 10 миллион сом ажыратылды.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров мектептин ремонт жараянын 25-августка дейре бүткөрүүнүн үстүндө тынымсыз иш алыпбаруу, мектептин айланасын бекем тосууну жана эмеректерин заманбап жаңылоого каржы булактарын табууну тиешелүү жетекчилерге  катуу тапшырды.

Белгилей кетчү жагдай: Ак-Сай айылынын тургундары буга дейре Кыргыз Республикасынын Президенти жана Премьер-министри менен болгон жолугушууда чек аралаш  аймактын социалдык көйгөйлөрүн ыкчам чечүүнү, мунун ичинде аталган мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп берүүнүнү катуу суранышкан.  Ушул тапта мектептин капиталдык ремонтунан тышкары аймакка эки бала бакчанын курулушу дагы башталды. Б.Ходжаев мектеби буга чейин Кыргыз Өкмөтү тарабынан атайын компьютердик класс менен дагы камсыздалган. 

Ошентип, быйылкы жаңы окуу жылына карата Баткен облусунда үч жаңы мектеп пайдаланууга берилээри күтүлүүдө. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сай айылындагы Акматов, Лейлек районунун  Ак-Суу айыЛ аймагындагы  М. Горький, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы “Халмион” орто мектептери окуучуларды кабыл алмакчы. Ал эми алты мектеп капиталдык жактан оңдоп-түзөлөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17