Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ МЕНЕН МАСИЛЕТТЕШТИ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ МЕНЕН МАСИЛЕТТЕШТИ

 1,165 Бардыгы /

ТАШКЕНТ. Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Кездешүү маалында Кыргыз-Өзбек эки тараптуу соода-сатык, экономикалык, унаа, коммуникациялык байланыштар жана маданий-гуманитардык мамилелер кызуу талкууланды. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эми мамлекеттин товар жүгүртүүсү нукка түшкөндүгүн, жарандардын беймарал каттоосуна толук кандуу шарттар жаратылгандыгын жана чек аралаш аймактардын карым-катышы ого бетер жакшыргандыгын баса белгиледи. Ал эми Элчи Ибрагим Жунусов автоунаа жана агартуу жаатындагы байланыштар дагы активдешкендигин моюндады.

Соңунда ар тараптуу байланыштарды мындан дагы жакшыртуу, ошондой эле чек ара аймактарындагы жаңжалдарды Өкмөттөр аралык комиссиясынын ыкчам чечүүсүнө көмөктөшүү жагы убадалашты.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17