Аймак

БАТКЕН ШААРЫНДА ГЕМОРДАЛИЗ БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

БАТКЕН ШААРЫНДА ГЕМОРДАЛИЗ БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

 1,127 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен шаарында жападан жалгыз гемодализ борбору ачылды. Бул туурасында аталган борбордун дарыгери Темиркул Арапов кабарлады.

– Гемодализге зарыккандардын катары улам эле калыңдап баратат. Анткени, Баткен облусунун борборунда мындай тейлөө мурда дегеле болгон эмес! – дер чындыкты моюндады Баткен шаарындагы гемодализ борборунун дарыгери Темиркул Арапов. – Гемодализге зарыгып, кезекке тургандардын саны улам эле калыңдап баратат.Айтмакчы, бул борбордогу беш гемодализ жабдыгы шаардын гана тургандарын эмес, Баткен облусунун үч районунун жашоочуларын дагы тейлеп жатат.

Айтмакчы, Баткен шаарындагы гемодализ борборунун кызматын, жеңилдиктерин жана дарыгерлердин акысын кошкондо гемодализдин бир эле курсу 5 миң 250 сом турат. Мунун 4 миң 700 сомун мамлекет төлөйт. Аталган борбор сыркоолорго өз алдынча колдоо дагы көрсөтүп, аларды бекер тамактандырып, а түгүл анализдерин дагы акысыз жүргүзүшөт.

                                                             

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17