Аймак

СОЛТОН-САРЫДА АЛТЫН КАЗГАН КОМПАНИЯНЫН ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

СОЛТОН-САРЫДА АЛТЫН КАЗГАН КОМПАНИЯНЫН ИШИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ

 1,188 Бардыгы /

Солтон-Сары алтын кениндеги кытай-кыргыз «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 7-августта вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусунун негизинде кабыл алынганы айтылды.

6-августта Боронов Нарын облусуна барып, чогулган эл менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын жүйөлөрүн уккан. Элдин талабы мыйзам чегинде аткарыларын, мекеме аралык комиссия түзүлөрүн, жаңжал боюнча тыкыр териштирүү жүрүп, тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирген.

«Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сарыда 2009-жылдан тартып иштейт. Кен Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.

Бучук участогунан алтын казууга 20 жылга уруксат берген 3228 АЕ лицензиясы 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин берилген. Бул лицензияга Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги башчысы Ишимбай Чунуев кол койгон.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта чыккан. Ошол күнкү чырдан кытайлык 20 кызматкер жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17