Аймак

КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ КЕПИЛДИК КӨБӨЙҮҮДӨ

КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ КЕПИЛДИК КӨБӨЙҮҮДӨ

 1,367 Бардыгы /

Биздин өлкөнүн ишкерлери “Гарантиялык фонд” ААК жардамы менен өз өндүрүш жана чарба иштерин кеңейтип, тиешелүү санда жумуш орундарын дагы түзүп жатышат, – деп билдирди аталган фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Темирбек Маматканов.

7 – августка карата Гарантиялык Фонд тарабынан 924гарантия берилип, жалпы суммасы 1,2 млрд. сомго барабар болгон.

Гарантиялык каражаттар аталган Фонд менен өнөктөштүктө иштеп жаткан 12 коммерциялык банк жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырылууда. Атап айтканда, иш башталгандан бери өнөктөш банктар Гарантиялык фонд тарабынан берилген кепилдик боюнча жалпы суммасы 4,2 млрд сомдук кредитти колдоого алышкан.

Ал эми, ушул жылдын жарым жылдыгына карата экспорт багытындагы долбоорлор боюнча алып караганда: айыл чарбасы – 7 гарантия (11%), айыл чарба азыктарын кайра иштетүү – 29 гарантия (46%), өнөр жай – 25 гарантия (40%), соодага – 2 гарантия (3%).

Фонд өнөктөш банктар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” Жарлыгын эске алуу менен, элет жериндеги ишкерлерге орчундуу көңүл бурулуп жатат,- деп кошумчалады Темирбек Маматканов.

Зирек АСАНОВА,

Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17