Аймак

ТУРАК ЖАЙЛАРДАГЫ ӨРТТҮН САНЫ ӨСҮҮДӨ

ТУРАК ЖАЙЛАРДАГЫ ӨРТТҮН САНЫ ӨСҮҮДӨ

 822 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын районшаардык бөлүмдөрү тарабынан турак-жай секторундагы өрттү алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы подполковник Ч.Шекенов маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө өздүк курам тарабынан нөөмөт өтөөдөн сырткары мезгилде турак-жай ээлерине турак-жайлардагы өрт коопсуздук чаралары, тоют сактоодогу коопсуздук чаралары, жаш балдардын от менен ойноосун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

2019-жылдын 7 айында облус аймагында 245 өрт кырсыгы катталса, анын 153 турак-жайларда катталып, турак-жайлардагы өрттөрдөн 3 адам каза болуп, 48 тонна тоют, 10 баш мал жандыктары, 20 үй канаттуулары жабыркаган.

Урматтуу жарандар! КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы турак-жайлардагы өрт кырсыктарын алдын алуу максатында күнүмдүк турмушта өрт коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертет.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17