Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫК ИШКЕРЛЕР «FERGANA INTERNATIONAL INVESTMENT FORUM 2019»ЭЛ АРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШЫП ЖАТЫШАТ

КЫРГЫЗСТАНДЫК ИШКЕРЛЕР «FERGANA INTERNATIONAL INVESTMENT FORUM 2019»ЭЛ АРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШЫП ЖАТЫШАТ

 753 Бардыгы /

ФЕРГАНА. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек ара аймактык кызматташууну андан ары активдештирүү максатында, Фергана шаарында өтүп  жаткан «Fergana International Investment Forum 2019» Эл аралык инвестициялык форумуна 54 адамдан турган Кыргызстандын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын делегациясы жана Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышып жатышат.

Аталган делегацияларды Ош облусунан – Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Юсупов, Баткен облусунан – Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ж. Исакулов жана Жалал-Абад облусунан – Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад об лусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси И.Масабиров жетектеп келишти.

Айтмакчы, Кыргыз делегациянын курамында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар. Алар иш-чаранын алкагында өнөктөштөрү менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана эки мамлекеттин чек ара аймагында жайгашкан облустардын экономикасына инвестициялоо маселелерин абдан активдүү талкуулап жатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17