Аймак

АКСЫЛЫКТАР МАНАС АТАГА КУРАН ОКУШТУ

АКСЫЛЫКТАР МАНАС АТАГА КУРАН ОКУШТУ

 1,679 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунун Кербен шаарында эмгек ардагерлерин жыл сайын өлкөбүздүн аймагына алып чыгып, жер көрсөтүп, эл көрсөтүп элибизде жаралып жаткан ийгиликтер менен тааныштырып, эс алдырып келүү салтка айланып калган. Бул өзгөчө агартуу тармагынын ардагери, тажрыйбалуу педагог, учурда ардактуу эс алууда жүргөн, шаардын ардагерлер кеңешинин төрагасы Эркин Сатаевдин аракетинен улам ишке ашып келет. Анын демилгеси менен шаардын карыялары Арстанбап, Апшыр-Ата, Ысык-Көл, Кара-Алма,Талас жергесине барып келишти. Белгилеп кетүүчү нерсе бир жерге баргандар экинчи барбай, жылда ардагерлердин жаңы топторунун барып жаткандыгы болууда. Мындай демилгени шаар мэриясы да колдоого алып 25-30 миң сом каражатын карап берүүдө. Калган каражатын карыялар өздөрү топтоп эс алып, жер көрүп келишүүдө.

Жакында Кербен шаарынын аксакалдары Талас областына барышып Манас-Ата комплексинде болуп, анын арбагына багыштап куран окушуп, комплекстеги музейди көрүп, Караул –Чокуга чыгышып зыярат кылышты. Манастын күмбөзүндө болушуп, ал жерде да куран окушуп, андан аркы иш сапарын Аманбаев айыл аймагындагы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулуп өскөн Шекер айылында болушуп, музейи менен таанышып, курулуп жаткан Чыңгыз Атматов комплексинин курулушу менен таанышып келишти. Карыяларыбыздын көңүлдөрү  көтөрүлүп, айтса сөзү менен санжырасы түгөнбөй турган чактары.

Бул ирет 19 адам Талас жергесинде болуп кайтышты. Беш жылдан бери 150гө жакын адамдар жер кыдырып, эл көрүп келишти. Мындай демилгени колдоого алып жаткан шаардык кенештин депутаттарына, шаардын мэри Нарматали Эсеналиевге жана карыялар кеңешинин төрагасы Эркин Сатаевге алардын ыраазычылыгы чексиз.

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17