Аймак

АТАМБАЕВ: «АК ҮЙДҮН» АЛДЫНДА МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ БАШТАЙБЫЗ

АТАМБАЕВ: «АК ҮЙДҮН» АЛДЫНДА МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ БАШТАЙБЫЗ

 842 Бардыгы /

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапкерлерин бүгүн түштөн кийин «Форум» ишканасынын алдына чогулууга чакырды.

Ушу тапта ал Кой-Ташта турган 300дөй тарапкеринин алдында сүйлөп жатып «Форумдан» кийин «Ак үйдүн» алдына барышарын, бул митинг мөөнөтсүз болорун билдирди.

7-августта Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу буга чейин үч жолу ИИМге суракка чакырылган. Бирок өзү милициянын бул аракетин мыйзамсыз деп атоодо.

Жалпысынан кечээ күнкү окуяда жабыркаган элүүдөй адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө курман болуп калды. Курман болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17