Аймак

HRW КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИН АДАМ УКУКТАРЫ ТАРМАГЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ ҮНДӨДҮ

HRW КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИН АДАМ УКУКТАРЫ ТАРМАГЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ ҮНДӨДҮ

 1,085 Бардыгы /

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевди адам укуктары тармагындагы маселелерди кийинкиге калтырбай, тез арада чечүүгө чакырды.

Кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан уюмдун Токаевге жазган катында казак бийлиги тез арада чечиши керек болгон маселелер аталган. Уюм Токаевден тынч жыйын өткөрүү укугун, сөз эркиндигин жана ММКлардын эркин иштөөсүн камсыз кылууга чакырган.

“Казакстанда укуктар менен эркиндиктердин кепилдигин бекемдөөгө убакыт эбак жеткен. Алгачкы кадам иретинде Токаев реформалардын күн тартибин жарыялап, ага ММК, кесиптик кошуундардын укуктары жана тынч жыйын өткөрүү укуктарын камсыздоо жөнүндө чараларды киргизгени жөндүү”, – деди HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Уюм жарандык активист Макс Бокаев менен Кытайдагы казактардын укугун коргогон Серикжан Билашка каршы козголгон кылмыш иштерин, “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын жактоочуларынын куугунтукка алынышын мисал келтирген.

HRW казак бийлиги көз карандысыз кесиптик кошуундарга кысым көрсөтүп жатканын баса белгилеп, Нур-Султанды Эл аралык эмгек уюмунун бардык талаптарын аткарууга чакырган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17