Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА НЕФРИТ КӨЛҮ ЖАРАТЫЛЫШ ЭСТЕЛИКТЕРИНИН КАТАРЫНА КИРГИЗИЛЕТ

ӨЗБЕКСТАНДА НЕФРИТ КӨЛҮ ЖАРАТЫЛЫШ ЭСТЕЛИКТЕРИНИН КАТАРЫНА КИРГИЗИЛЕТ

 1,542 Бардыгы /

Ташкент облустук администрациясына «Урунгач» жаратылыш көлү менен ага чектеш 43 гектар аянттагы Угам-Чаткал жаратылыш паркын мамлекеттик гидрологиялык жаратылыш эстелиги деп атоого бир айлык мөөнөт берилди.

Өкмөт токтомуна ылайык, «Урунгач» гидрологиялык жаратылыш аймагында жер казууга, бул объектиге терс таасирин тийгизе туган ишмердүүлүктүн бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Эл арасында бул жер «Нефрит» көлү деп аталат.

Өзбекстандагы уникалдуу жаратылыш объектилеринин бири деп эсептелип келген Урунгач көлүн бойлой тапчандардын башаламан орнотулушу, чайхана жана кайык кызматынын көрсөтүлүшү жарытылыш коргоочуларынын нааразычылыгын жаратып келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17