Аймак

ТАЖИКСТАНДА “ЖАХАБА КҮБӨСҮНҮН” ЖАКТООЧУСУ СОТТОЛУУДА

ТАЖИКСТАНДА “ЖАХАБА КҮБӨСҮНҮН” ЖАКТООЧУСУ СОТТОЛУУДА

 1,861 Бардыгы /

Тажикстанда “Жахаба күбөлөрүнүн” жактоочусу, 68 жаштагы Шамиль Хакимовдун соту 20-августта уланат. Ал расалык, улуттук же диний кастыкты козутууга айыпталууда. Шамиль Хакимов айыптоолорду четке кагууда.

Шамиль Хакимов быйыл февраль айында тыюу салынган диний китептерди таратуу, экстремисттик мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды сактоо айыбы менен кармалган. Анын күнөөлүү экени аныкталса, беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Forum 18 укук коргоо уюму кабарлагандай, кылмыш ишинде тажик тилиндеги Библия китеби бар. Ага 2016-жылы үч жергиликтүү имам, Дин иштери комитетинин адистери тарабынан экспертиза жүргүзүлгөн. Китеп Institute for Bible Translation тарабынан которулган.

Эксперттердин бүтүмүндө китеп расмий ханафи мазхабына шайкеш келбей турганы, аны таратуу тажик коомунда диний касташууга алып келиши мүмкүн экени айтылган.

Forum 18 укук коргоо органдарынын кызматкерлери “Жахаба күбөлөрүнүн” жактоочусуна кысым көрсөтүлүп жатканын билдирип, кабатыр болууда.

Укук коргоочулардын айтымында, Шамиль Хакимов Согди облусунун прокуратурасына уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери коркутуп-үркүткөнү тууралуу кайрылган, бирок арызы каралган эмес. Жергиликтүү бийлик “Жахаба күбөсүнүн” жактоочусуна басым көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматты четке каккан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17