Аймак

АЛАЙДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН 88 ҮЙ-БҮЛӨНҮ КӨЧПӨЙ ЖАТКАНДЫГЫ ҮЧҮН СОТКО БЕРДИ

АЛАЙДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН 88 ҮЙ-БҮЛӨНҮ КӨЧПӨЙ ЖАТКАНДЫГЫ ҮЧҮН СОТКО БЕРДИ

 1,253 Бардыгы /

ОШ. Алай районундагы кооптуу аймактарда дагыле 88 үй-бүлө жашап келатат. Аларды ал жактардан көчпөй жатышкандыгы үчүн жергиликтүү бийликтер Алай райондук сотуна даттанышты. Бул туурасында  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы Жумабай Калдыбаев билдирди.

-Ушул тапта көчүрүүгө зарыл 380 үй бар. Район боюнча буга дейре  720 үй бар эле. Мунун ичине 380 үй      токтоосуз түрдө көчүрүлүүгө муктаж!  84 үй ээси мамлекеттен эч нерсе албагандар. 296 үйдүн ээси мамлекеттен ссуда менен жер дагы алышкан. Бирок, дагыле көчпөй жатышат. Жалпы көчпөй жаткан 88 үйдүн ээси сотко берилип, 51 үйдүн ээсине Алай райондук соту тарабынан көчүрүлсүн деген чечим дагы чыккан. 9 үй-бүлөнүн ээсин кайрадан сотко бердик, – деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы Жумабай Калдыбаев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17