Аймак

ТАЖИК БИЙЛИГИ ТӨРӨТТҮН САНЫН АЗАЙТАТ

ТАЖИК БИЙЛИГИ ТӨРӨТТҮН САНЫН АЗАЙТАТ

 1,420 Бардыгы /

Тажик өкмөтү 2019-2022-жылдарга карата Репродуктивдик саламаттык боюнча мамлекеттик программаны жактырды.

Программанын негизги максаттары катары аялдардын саламаттыгын жакшыртуу, жаштарды жыныстык этикага үйрөтүү жана күтүүсүз бойго бүтүү учурларынын алдын алуу чаралары көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигине өлкөдөгү бардык медициналык мекемелерди контрацепция каражаттары менен камсыз кылуу жана калктын репродуктивдүү саламаттыгы тууралуу билимин арттыруу тапшырмасы берилди.

Документте белгиленгендей, бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын жыйынтыгында өлкөдө жыл сайын 100 миңге чейинки күтүүсүз бойго бүтүү учурлары алдын алынууда. Саламаттык сактоо министрлиги жаңы кабыл алынган программа жакынкы үч жылдын ичинде 450 миңден ашык күтүүсүз бойго бүтүү учурун токтото турганын билдирди.

Өткөн жылы күзүндө Дүйнөлүк банк өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн тажик өкмөтүнө төрөттүн санын азайтууну сунуштаган. Анда уюмдун адистери Тажикстандагы жакырчылыкка, жумушсуздукка жана жогорку деңгээлдеги эмгек миграциясына демографиялык өсүүнүн тездиги себеп болуп жатат деген жыйынтыкка келишкен.

Учурда Тажикстанда бир аялга төрткө чейин бала тууралуу келет.

Ал ортодо өлкөнүн айрым жашоочулары презервативдерди жана башка контрацепция каражаттарын колдонуу Исламга каршы келе турганын билдиришүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17