Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА КАСПИЙ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУ БАШТАЛУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА КАСПИЙ ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУ БАШТАЛУУДА

 1,743 Бардыгы /

Түркмөнстан 12-августта өтө турган биринчи Каспий экономикалык форумун өткөрүүгө даярданып жатат.

Даярдык иштеринин алкагында жекшемби күнү «Аваза» туристтик аймагында «Түркмөн сахра — 2019» деп аталган инновациялык технологиялар көргөзмөсү ачылды.

11-августта өлкөгө Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев барды. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, Медведев форумдун пленардык жыйынында сүйлөп, андан соң Каспийге жакын жайгашкан өлкөлөрдүн Эл аралык инновациялык технологиялар көргөзмөсүнө катышат.

Расмий маалыматтарга караганда, Түркмөнстанга жасаган сапарынын алкагында орус өкмөт башчысы өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугат. Мындан тышкары форумга Орусия, Казакстан, Иран, Азербайжан, ошондой эле Каспий аймагына жакын жайгашкан башка өлкөлөрдүн делегациялары чакырылган. Анда экономика жана ишкердик маселелер, анын ичинде инвестициялар менен ири долбоорлор үчүн шарттарды түзүү талаптары бар.

Ал ортодо «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, форум аяктаганга чейин «Аваза» туристтик аймагы түркмөн жарандары үчүн жабык болот. Мындан тышкары Түркмөнбашы шаарынын жана жакынкы айылдардын тургундары үчүн жолдордо жүрүүдө айрым чектөөлөр киргизиле тургандыгы кабарланууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17