Аймак

ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ЭЛЕТ ТУРМУШУНДАГЫ БАДАМ БАКЧАСЫ

ТҮЙШҮГҮ ТҮМӨН ЭЛЕТ ТУРМУШУНДАГЫ БАДАМ БАКЧАСЫ

 3,556 Бардыгы /

Көп жылдык бадам көчөттөрү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн жер кыртышынын өзгөрбөшүнө таасири чоң. Анткени токой тамырлары жердин катмарларын кармап, ар кандай жаракадан сактаары маалым.

Тоолуу аймактардын катарын ээлеген Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу Эски Кочкор-Ата айылында 60-70 түтүндүн ортосундагы эл жашайт. Аталган айыл аймагынын жер кыртышы бадам менен мисте өсүүсүнө ыңгайлашкан. Климаты кургакчыл болгондуктан бадам, мисте сыяктуу бадал өсүмдүктөрүн өстүрүшөт.

Аталган айыл тургуну Маматбек Мураталиев түйшүгү түмөн бадам бакчасы тууралуу редакциябызга азын-оолак кеп салды.

Узуну 1-1,5 метр болгон бадам көчөттөрүн эккенибизге 10-11 жыл болду. Башында аябай кыйналып, 3 жыл салкын убакта көктөгүнчө сугардык. Эгилгенден кийинки жылы шире, курт-кумурскалар зыян келтирбеш үчүн март айында дарылап, актап жаттык. 7-8 жылдан кийин гана түшүмү жакшы боло баштады. Ар бир көчөттүн арасындагы чөптөрдү оруу кыйын болгонуна карабай аны жыйнап алуу шарт. Ар жылы июль, август айларында биринчи түшүмдү жыя баштайбыз. Учурда экинчи түшүмдү жыйноо иштери жүрүүдө. Аталган дарактын көлөмүнө жараша бир түптөн 3 кг.дан 10 кг.га чейинки түшүмдү жыйноого болот.

Бадамды кагып алуу үчүн узун шыргый жана чатыр керектелет. Анын кабыгы катуу болгондуктан өтө бышып кеткенде же эртерээк алсак, бир топ кыйынчылыкты жаратат. Тазаланган бадамды үйдүн жанына кургатабыз. Анын пайдалуу жактары көп экенин билгенден соң, бадамдын санын дагы да көбөйттүк. Бирок кээ бир жылы бадам жакшы болуп, кээде шамал, жамгыр көп жааганда түшүмү аз болот. Үй-бүлөбүз менен чогуу аракеттенип, мурдагы жылдары чайкоочуларга, базарда олтургандарга арзан баада саттык. Өзүнүн түйшүгү көп, бирок баасы арзан болуп жатты. Буйруса быйылкы жылы Япония менен келишим түзүп, инвесторлор менен макулдашмай болдук. Эгерде алар жакшы баада алса, мээнетибиз кайтат деп ниет кылып турабыз”- дейт айыл тургуну.

Бул өсүмдүктүн мекени Батыш жана Орто Азия аталат. Республикабыздын түштүгүндө бөксө тоолордо, таштак адырларда жапайы түрүндө жана атайын өстүрүлөт.

Анын көчөтү кымбат баада сатылып алынат. Ал эми данегин эксе, жер астындагы келемиш, чычкандар данды (маңызын) жеп коюп, багбанчылар зыян тартышат.

Бадамдын сорту катуу болсо, чайкоочулар арзан баада алып, кымбат баада сатышат. Анын бышуусуна карап, 3 ирет терилет. Айрым багбанчылар сырткы кабыгынан ажыратуу үчүн сууга чылап, кол менен ажыратып, күнгө жайып кургатышат.

Чындыгында эле көп түйшүктү жараткан бадам өсүмдүгүнүн пайдалуу жана зыяндуу жактары көп. Ден соолукка зыян жактары: чаңдар (микропдор) мурундан кирип, дем алуу органдарын кыйындатып, залакасын тийгизбей койбойт. Аллергиясы барлар үчүн сунушталбайт. Бадамдын маңызы даамдуу гана болбостон мээ, жүрөк, көз импульсттарын жакшыртат. Медицинада анемия, кант диабети, бронхиалдык астма жана ич көбүүдө колдонулат.

 

 

Бактыгул МАМАТБЕК кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17