Аймак

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ БИР НЕЧЕ ООР БЕРЕНЕЛЕР МЕНЕН ИШ КОЗГОЛДУ

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ БИР НЕЧЕ ООР БЕРЕНЕЛЕР МЕНЕН ИШ КОЗГОЛДУ

 1,591 Бардыгы /

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн, 13-августта «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор берене боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди:

– Атамбаевге карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башаламандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча кабарлама берилди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери каза болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17