Аймак

ТООЛУУ-БАДАХШАНДА ТАЖИК-КЫТАЙ БИРГЕЛЕШКЕН МАШЫГУУЛАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

ТООЛУУ-БАДАХШАНДА ТАЖИК-КЫТАЙ БИРГЕЛЕШКЕН МАШЫГУУЛАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

 1,185 Бардыгы /

Тоолуу-Бадахшанда Тажикстан менен Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуулары өтүп жатат.

Бул машыгуулардын максаты — өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн террордук жана экстремисттик топторго туруштук берүү боюнча биргелешкен аракеттерин кайталоо.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, аскердик машыгуулар 12-августта деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте жайгашкан «Желонжи» полигонунда башталып, 14-августка чейин созулат. Ага тажик тараптан авиация, танк, артиллерия жана мотоаткычтар бөлүктөрүнүн жоокерлери катышууда. Машыгууларга Кытайдын күч түзүм өкүлдөрү дагы катышып жатканы менен алардан канча аскер, техника тартылгандыгы боюнча маалымат жок.

Акыркы жолу тажик-кытай машыгуулары 2016-жылы 10 миң аскер кызматкеринин катышуусунда өткөн. Анда кытай тараптан 200 жоокер катышкан.

Тажик-кытай биргелешкен аскердик машыгуулары Ооганстандын Бадахшан аймагында туруксуз абал жаралган маалда өткөрүлүүдө. Талибер тобу бир канча жылдан бери аталган провинциядагы бир нече уездди көзөмөлдөп келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17