Аймак

КАЗАКСТАНДА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫНДАГЫ ЖАҢЖАЛДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК АДИСТЕР ЖАБЫРКАДЫ

КАЗАКСТАНДА ТОО-КЕН КОМБИНАТЫНДАГЫ ЖАҢЖАЛДАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК АДИСТЕР ЖАБЫРКАДЫ

 902 Бардыгы /

Караганды облусунун Жайрем тоо-кен байытуучу комбинатында жаңжал болуп, 12 чет өлкөлүк кызматкер жеңил жаракат алды. Жергиликтүү бийлик уруштун себебин атаган жок.

Жайрем айлынын жашоочуларынын айтымында, кечээ кечинде жана бүгүн эртең менен Карагандыдан келген аткаминерлердин катышуусунда жыйын өттү, алар элди тынчтанууга чакырды.

Караганды облусунун маалымат кызматы аким Ерлан Кошанов жергиликтүү эл жана комбинат кызматкерлери менен жолукканын тастыктап, кырдаалды жөнгө салууга мүмкүн болгонун билдирди. Учурда аймакта абал туруктуу. Акимчиликтин маалыматы боюнча жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алар кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган жок.

Комбинаттын администрациясы бул боюнча комментарий бере элек.

Аты-жөнүн атагысы келбеген жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңжал жылаңач кыздын сүрөтүнөн улам келип чыккан болушу ыктымал. Бул айыл тургундарынын намысына тийген. Башка бир версия боюнча жергиликтүү кадрларга көңүл бурулбай, комбинатта чет өлкөлүк адистердин иштеп жатышы жаңжалга себеп болушу мүмкүн.

1200 киши жашаган Эски Жайрем айлынын тургундары буга чейин комбинат зыян алып келип жатканын айтып, өзүлөрүн кенден алыс көчүрүүнү талап кылышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17