Аймак

ТАШКЕНТТЕ АБАКТЫН КАРЫЗЫН ЖАБУУ ҮЧҮН СОТТОЛУУЧУЛАРДЫН МАЯНАСЫН КАРМАП КАЛЫШУУДА

ТАШКЕНТТЕ АБАКТЫН КАРЫЗЫН ЖАБУУ ҮЧҮН СОТТОЛУУЧУЛАРДЫН МАЯНАСЫН КАРМАП КАЛЫШУУДА

 993 Бардыгы /

Өзбекстанда №51 жатак абагынын карызын жабуу үчүн Ташкентте көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан соттолуучулардын маянасынын 21% кармалууда. Жабык мекеменин жетекчиси бул мыйзамдуу экенин билдирди.

Сергелий районундагы көп кабаттуу үйлөрдү курууга 60 соттолуучу тартылган. Турак-жай аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет.

Соттолгон кишилердин айтымында, январдан бери алардын маянасынын 21% жатак абактын пайдасына кармап калышууда:

– Айлыгыбыз 1,-2,5 миллион сумду (110-280 доллар) түзөт. Анын 12 пайызын киреше салыгына, 21 пайызын жатак абактын фондуна кармап калышат. Маселен, эгер биз 2,5 миллион сум алсак, болжол менен анын 500 миңи (56 доллар) ушул фондго кетет.

№51 жатак абактын башчысы, подполковник Анвар Валиев соттолуучулардын айлыгынын бир бөлүгүн кармап калуу мыйзамдуу экенин айтты:

– Биз абактын фонду үчүн соттолуучулардын маянасынын бир бөлүгүн дайыма кармап калабыз. Муну тастыктаган документтер жана буйруктар бар.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, соттолуучулар эркиндиктеги жарандар менен катар бирдей эмгек укугуна ээ.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17