Аймак

ТРАМП КЫТАЙ ТОВАРЛАРЫНА БАЖЫ ТӨЛӨМҮН КӨБӨЙТҮҮНҮ КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРДЫ

ТРАМП КЫТАЙ ТОВАРЛАРЫНА БАЖЫ ТӨЛӨМҮН КӨБӨЙТҮҮНҮ КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРДЫ

 989 Бардыгы /

Шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай өндүрүшүндөгү товарлардын топтомуна кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүнү кийинкиге жылдыруу ниетин билдирди. Буга байланыштуу америкалык каржы базарындагы компаниялардын 80 пайызынын акциялары жогорулады.

Августтун башында бул көрсөткүчтөр дээрлик он пайызга төмөндөп кеткен. Анда буга Кытай валюта менен чайкоочулук кылып жаткандыгы тууралуу Трамптын администрациясынын билдирүүсү себеп болгон.

​Эксперттер белгилешкендей, кошумча бажы төлөмдөрү киргизилиши керек болгон товарлардын тизмесинде негизинен айыл чарба жана индустриалдык өндүрүштөгү азыктар бар. Бул тизмеге күнүмдүк керектөөдөгү товарлар менен тиричилик техникалары дээрлик кирген эмес.

Айрым эксперттер жаңы тарифтерди киргизүүнүн кийинкиге жылдырылышын соода саясатында Трамп фондулук биржалардын көрсөткүчтөрүнө олуттуу көңүл буруп жаткандыгынын белгиси деп болжолдоп жатышат. Өз кезегинде инвесторлор муну Трамп акырында ишти соода согушуна чейин жеткирбейт деп эсептешип, компаниялардын акциялары жогорулаган.

Өткөн жылы Трамптын администрациясы Кытай өндүрүшүндөгү көптөгөн товарларга 10 пайыздык кошумча салык киргизген. Жазында Ак үй бул тарифти 25 пайызга чейин жогорулатып, кийинчерээк дагы 10 пайызга көтөрө турганын билдирген. Ал 10 пайыздык кошумча салык 1-сентябрда күчүнө кириши керек болчу.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17