Аймак

ТАШКЕНТТЕГИ ЖАТАК АБАКТАН СОТТОЛУУЧУ КАЧЫП КЕТТИ

ТАШКЕНТТЕГИ ЖАТАК АБАКТАН СОТТОЛУУЧУ КАЧЫП КЕТТИ

 1,167 Бардыгы /

Болжол менен бир ай мурун Ташкент шаарындагы №51 жатак абактан 43 жаштагы соттолуучусу Олимжон Абдуллаев качып кеткен. Бул тууралуу маалымат эми гана ачыкка чыкты.

Ага издөө жарыялаган. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери билдиргендей, ал “атайлап киши өлтүрүү” айыбы менен жыйырма жылга кесилген.

–15 жыл түрмөдө отургандан кийин аны жатак абакка которушкан. Дагы беш жылдан кийин толугу менен акталмак. Бирок тийиштүү кишилер менен кутумга барып, паспорт алып, жатак абактан качып кеткен.

Жатак абактагы соттолуучулардын биринин айтымында, Олимжон Абдуллаев түзөтүү мекемесинде темир ширетүүчү болуп иштеген.

– Олимжон жакшы уста эле. Ал темир дарбазаларды жасачу. Аны ай сайын ушундай дарбазаларды жасоого мажбурлашкан. Бирок ширетүү жумуштарына байларыштуу Олимжандын көзү ооруй баштаган. Мындан улам ал качууну чечкен. Ал мага Telegram аркылуу мындай мамиледен тажап, качып кеткенин жазды. Мен ага ишендим. Себеби ал 15 жыл түрмөдө отурган. Мөөнөтүнөн мурун шарттуу түрдө эркиндикке чыкмак. Болгону байкуштун сабыры түгөндү.

Маалыматтарга караганда, учурда бул факт боюнча №51 жатак абакта кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17