Аймак

ЕККУ «АПРЕЛДИН» ЖАБЫЛЫШЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУСУН БИЛДИРДИ

ЕККУ «АПРЕЛДИН» ЖАБЫЛЫШЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУСУН БИЛДИРДИ

 1,332 Бардыгы /

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезир «Апрель» телеканалынын жабылышына тынчсыздануусун билдирди.

Ал 14-августта тараткан билдирүүсүндө маалымат каражаттарындагы ар тараптуулукту сактоого жана телеканалдын мүлкүн камактан чыгарууга бийликти чакырды.

Дезир «Апрелдин» активдерин камакка алуу боюнча чечим өзгөчө жагдайда кабыл алынганын түшүнөрүн билдирип, ошондой болсо да бийликти аны кайра карап чыгууга чакырган. «Сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарындагы ар тараптуулук кыйын учурда да сакталышы керек», деп жазылган билдирүүдө. Ошону менен катар ЕККУнун өкүлү саясий темаларды чагылдырган кабарчылардын коопсуздугу корголушу зарыл экенин белгилеген.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген.

«Апрель» телеканалынын юристтери Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө тобунун кызматкерлеринин иш-аракетине каршы Башкы прокуратурага жана Биринчи май райондук сотуна кайрылышты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17