Аймак

ОРУСИЯГА КАРШЫ САНКЦИЯДАН УЛАМ ТАЖИКСТАНДА РУБЛЬ АРЗАНДАДЫ

ОРУСИЯГА КАРШЫ САНКЦИЯДАН УЛАМ ТАЖИКСТАНДА РУБЛЬ АРЗАНДАДЫ

 1,073 Бардыгы /

Орусияда рублдин кунунун төмөндөшү Тажикстанда да орус валютасынын арзандашына алып келди.

Тажикстан Улуттук банкынын билдиришинче, акыркы он күндө рублдин курсу төмөндөп, 1000 рубль мурдагыдай 149 эмес, 143 сомониге баалунууда. Орусия валютасынын арзандашы тажик эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн чөнтөктөрүн кагууда.

Рубль 2-августта АКШ президенти Дональд Трамп Америка Орусияга каршы санкциялардын экинчи топтомун киргизерин жарыялагандан кийин кескин төмөндөп кетти. Санкция мурдагы орусиялык чалгындоо кызматкери Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлиянын Улуу Британияда ууландырылышына байланыштуу.

Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия 2018-жылы 4-мартта ууландырылган. Адистер алар нервди шал кылуучу заттан жабыркашканын аныктаган. Лондон бул үчүн Москваны айыптаган. Орусия окуяга тиешеси жок экенин билдирип келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17