Аймак

ПОЛЬША БИЙЛИГИ ТАЖИК ОППОЗИЦИОНЕРИН АЧКАЧЫЛЫКТЫ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРЫШТЫ

ПОЛЬША БИЙЛИГИ ТАЖИК ОППОЗИЦИОНЕРИН АЧКАЧЫЛЫКТЫ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРЫШТЫ

 1,064 Бардыгы /

Варшавадагы бозгундар менен мигранттарды убактылуу кармоо борборунун жетекчилиги Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24” уюмунун активисти Мустафо Хаётовдон ачкачылык жарыялоону токтотууну талап кылды. Алар “Антпесе, биз сизди күч менен тамактандырууга аргасыз болобуз” деп эскертишти.

Депортациялануучулар борборунда отурган Мустафо Хаётовдун айтымында, ал сегиз күн мурун ачкачылык жарыялаган. “Группа 24” уюмунун активисти өзүнүн ишин тезирээк карап, аны саясий туткун деп таанууну талап кылууда. Мустафо Хаётов 2018-жылдын 23-июнунан бери Варшаванын четиндеги мигранттар борборунда кармалууда.

“Мен Тажикстанга депортациялоого каршы ачкачылык жарыяладым. Мени Тажикстанга кайтаруу тууралуу эки жолу чечим чыкты, бирок адвокаттар экстрадицияны токтотуп калышты”, – деди ал.

25 жаштагы Мустафо Хаётов 2016-жылы Украина аркылуу Польша чек арасынан өтүп, саясий башпаанек сураган. Буга чейин ал Орусияда жүргөн кезинде “Группа 24” тобуна кошулган. Шериктеринин айтымында, Мустафо социалдык түйүндөрдө маалымат таратуу үчүн жооптуу болгон.

2017-жылы күзүндө Польша бийлиги Мустафого башпаанек берүүдөн баш тарткан. Андан соң ал Германияга барып, ошол жактан башкалка сураган. Бирок ГФР 2018-жылы июнда аны кайрадан Польша бийлигине тапшырган. Ошондон бери ал Варшаванын бозгундар жана мигранттар борборунда отурат.

Уюм өкүлдөрү Мустафо Тажикстанга экстрадицияланса, ал куугунтукка алынышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Тажикстан Жогорку соту 2014-жылы “Группа 24” уюмун экстремисттик деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17