Аймак

АЛМАТЫНЫН ҮЧ КИЧИРАЙОНУНДА СЕЛ КОРКУНУЧУНАН УЛАМ СУУ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛДУ

АЛМАТЫНЫН ҮЧ КИЧИРАЙОНУНДА СЕЛ КОРКУНУЧУНАН УЛАМ СУУ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛДУ

 1,064 Бардыгы /

Алматынын Наурызбай районунун бир нече бөлүгүндө сел коркунучунан улам элге суу берүү токтотулду.

Наурызбай акимчилиги кабарлагандай, Карагайлы дарыясы Карагайлы, Таусамалы, Курамыс кичирайондорун суу менен камсыздаган негизги булак. Учурда дарыя ылайланганына байланыштуу суу берүү токтотулган. Борбордук суу менен камсыздоо системасы качан калыбына келтирилери айтылган жок.

14-август күнү эртең менен Алматы шаарынын өзгөчө кырдаалдар департаменти Наурызбай айлында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскерткен. Түштөн кийин абал турукташып, жашоочуларды көчүрүүгө зарылдык жок деген чечим кабыл алынган.

2015-жылы Наурызбай районда сел жүрүп, 450дөн ашык турак-жай зыянга учураган, ондогон көчө суу алдында калган, миңден ашуун киши көчүрүлгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17