Аймак

МИРЗИЁЕВ ИШКЕРЛЕРДИ КООМДУК ИШТЕРГЕ ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛДЫ

МИРЗИЁЕВ ИШКЕРЛЕРДИ КООМДУК ИШТЕРГЕ ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛДЫ

 1,242 Бардыгы /

13-августта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ишкерлерди коомдук жумуштарга тартууга тыюу салган жарлыкка кол койду.

Документте жергиликтүү акимчиликтерге ишкерлерди негизги кызматына катышы жок жумуштарга тартууга, тактап айтканда демөөрчүлүк жана кайрымдуулук көрсөтүүгө, жашылдандыруу иштерине тартууга, металлолом жана макулатура жыйноого мажбурлоого тыюу салынары айтылат.

Муну менен катар ишкерлер айыл чарба жумуштарына катышууга жана акча чогултууга милдеттүү эмес экени белгиленген.

Жергиликтүү бийлик ишкерлерди мажбурлап жыйналышка чакырып, аларга карата административдик чара колдоно албайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17