Аймак

КЫЗМАТ УЧУРУНДА АЖАЛ ТАПКАН ТҮРКМӨН ЖООКЕРИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ АЗЫК-ТҮЛҮКТӨН ЖАРДАМ БЕРИЛДИ

КЫЗМАТ УЧУРУНДА АЖАЛ ТАПКАН ТҮРКМӨН ЖООКЕРИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ АЗЫК-ТҮЛҮКТӨН ЖАРДАМ БЕРИЛДИ

 828 Бардыгы /

Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө учурунда ажал тапкан жоокердин үй-бүлөсүнө бийлик азык-түлүктөн бираз жардам берди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, маркум Сулейман Оразовдун үй-бүлөсүнө кыркылык өткөрүү үчүн бир кой, 50 килограмм күрүч, бир кап алма, 20 литр суу май беришкен. Жардамды маркум кызмат өтөгөн Серхетабаддагы №2108 аскер бөлүгү көрсөткөн.

19 жаштагы Сулейман Оразов июль айында мерт болгон. Күч түзүм жетекчилиги анын ууланып өлгөнүн кабарлаган.

Түркмөн бийлиги өлгөн жоокердин үй-бүлөсүнө 20 миң манат өлчөмүндө жардам берүүнү убада кылган, бирок бере элек.

Түркмөнстан мыйзамдарына ылайык, аскер кызматкери өз милдетин аткаруу учурунда ажал тапса, үй-бүлөсүнө өлгөн адамдын бир жылдык маянасынан он эсе жогору өлчөмдө бир жолку жардам көрсөтүлүшү керек.

​ Жоокердин туугандары анын ууланып өлгөнүнө ишенишпейт. Түркмөнстан Коргоо министрлиги жана ИИМ өкүлдөрү сөөктү алып келгенде эмне үчүн анын ичеги-карды жана мээси алынганын, денесиндеги тиликтер кайдан пайда болгонун түшүндүрүп беришкен эмес. Ошондуктан жоокердин туугандары ага ок тийген болушу ыктымал деп эсептешет.

№2108 аскер бөлүгү Ооганстан менен чек арада жайгашкан. Бир нече жылдан бери “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары ал жактагы атышуулар жана түркмөн чек арачыларынын өлүмү тууралуу кабарлап келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17