Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА БИР КАТАР МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА БИР КАТАР МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

 1,244 Бардыгы /

Бүгүн 19-августта ИИОдо көп жылдан бери үзүрлүү кызмат өтөгөн кызматкерлер ИИМдин I, II, III даражадагы “Азамат” медалы менен сыйланышты.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сѳз кызматы  билдирди.

Ага ылайык, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыктылыгын, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамилесин, жана башка  ар түрдүү учурларда коомдук коопсуздукту камсыздоодо чоң салымдарын кошуп жаткандыктары белгиленген.
Мындан сырткары өздөрүнүн көрсөтүлгөн кайгулдоо багытында кызмат ѳтѳп жатып, тейлеген аймагында орун алган “Уурулук” фактысынын изин суутпай ачышып, шектүүнү колго түшүрүшүп, кылмыштын бетин ачууда кесипкѳйлүгүн кѳрсѳтүшкѳн милициянын кайгуул күзѳт кызматынын бир нече кызматкерлери Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Ошондой эле кызматка дайындалган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17