Аймак

КАЗАКСТАНДА «ТЕРРОРИЗМДИ ПРОПАГАНДАЛОО» АЙЫБЫ МЕНЕН СОТТОЛГОН АЯЛ ТҮРМӨДӨН ЧЫКТЫ

КАЗАКСТАНДА «ТЕРРОРИЗМДИ ПРОПАГАНДАЛОО» АЙЫБЫ МЕНЕН СОТТОЛГОН АЯЛ ТҮРМӨДӨН ЧЫКТЫ

 750 Бардыгы /

Казакстанда «диний кастыкты козутуу» жана «терроризмди пропагандалоо» айыбы менен соттолгон 37 жаштагы Жанна Умирова түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу ал өзү «Азаттыктын» казак кызматына билдирди.

Маалыматка караганда, 2-августта Иле райондук сотунун көчмө жыйыны соттолуучунун калган жаза мөөнөтүн эркиндигин чектөө чарасына алмаштырган. Ал өкүм 15 иш күнүнөн кийин күчүнө кирип, эми Умирова жаза мөөнөтү аяктаганга чейин пробациялык көзөмөлдө болот.

Умированын жазасын жеңилдетүү тууралуу алгачкы өтүнүч кат сотко былтыр декабрда берилген. Анда сот бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан.

Эки баласын жалгыз тарбиялап келген Жанна Умирова 2017-жылы июнда «диний кастыкты козутуу» жана «терроризмди пропагандалоо» айыптары менен беш жылга эркинен ажыратылган. Анын жаза мөөнөтү ошол жылдын 24-январында башталып, 2022-жылдын башында аяктайт.

Акыркы бир нече жылдын ичинде Казакстанда терроризмди пропагандалоо айыбы менен ондогон жарандар камакка алынган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17