Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ УЮШТУРУЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ УЮШТУРУЛДУ

 1,995 Бардыгы /

Бүгүн, 20-августта Жалал-Абад шаарында муктаж үй-бүлөнүн балдарына окуу куралдарын алып берүү үчүн акция болуп өттү. Ал Кызыл Ай коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Бул тууралуу аталган коомдун ыктыярчылар бөлүмүнүн координатору Шахзада Раманкулова билдирди:

Биздин коомдун алдында түзүлгөн тигүү цехи бар. Ал жерде  сумкаларды тигип, ыктыярчылар эл аралап сатышты. Топтолгон каражатка муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын, сумкаларын алып беребиз. Бизге Жалал-Абад шаарынан 6 бала кайрылган. Алар ата-энеси жоктугуна байланыштуу туугандарынын колунда. Аларды камсыз кылуу үчүн да туугандарынын шарты жок”-дейт Ш. Раманкулова.

Анын айтымында бүгүнкү күнү 20 дан ашык сумканы 50 сомдон сатышкан. Андан сырткары дасторкондорду да сатыкка чыгарган. Буга чейин дагы ушундай акцияларды өткөрүп келишкен.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17