Аймак

ВЕНГРИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИШ-ЧАРАГА КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КАТЫШТЫ

ВЕНГРИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИШ-ЧАРАГА КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КАТЫШТЫ

 869 Бардыгы /

БУГАЦ. Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайланышкан Кишкуншаг Улуттук коругунун аймагында каада-салтты сактоо максатында өткөрүлгөн “Бабалар күнү” аттуу эл аралык маданий иш-чарага Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Бакыт Жусупов катышты. Иш-чарада ошондой эле Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Уйгур), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Өзбекстандын, Оруссиянын (Башкирия жана Татарстан), Турциянын жана Түркмөнстандын делегаттары дагы абай салышты.

“Бабалар күнү” – бул театралдаштырылган шоу-программа, улуттук музыка, археологиялык-антропологиялык көргөзмөлөр, кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси уюштурулган иш-чара. Азем Этнофестиваль форматында өттү. Анда көчмөндөрдүн айылын камтыган 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун туристтер келишти. Кыргыз Республикасынын маданиятын даңазалоо жана туристтик дараметин жайылтуу максатында Австриядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан Кыргыздын боз үйү тигилип, мунун ичинде улуттук кол өнөрчүлүктүн стенддери, кийизден жасалган түрдүү буюмдар, ошондой эле Кыргызстан жөнүндөгү иллюстрацияланган стенд, туристтик ыңгайлуулук жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары туурасында маалыматтык материалдар көрсөтүлдү.

“Бабалар күнү” иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Элчиси Бакыт Жусупов аталган иш-чаранын уюштуруучулары менен жана венгриялык Карпат бассейнинен келген делегаттардын өкүлү Андреш Жолта Биро менен жолугушуп, 2020-жылы «Курултай» аземине Кыргызстандын катышуусу тууралуу дагы сүйлөшүп макулдашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17