Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ГҮЛНАРА КАРИМОВАГА КАРШЫ ЖАҢЫ КЫЛМЫШ ИШТЕРИ КОЗГОЛДУ

ӨЗБЕКСТАНДА ГҮЛНАРА КАРИМОВАГА КАРШЫ ЖАҢЫ КЫЛМЫШ ИШТЕРИ КОЗГОЛДУ

 717 Бардыгы /

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн», мамлекеттик каражатты уурдаган» жана «башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деген айыптар менен Гүлнара Каримовага каршы жаңы кылмыш иштерин козгоду.

Мекемеден билдиришкендей, кылмыш иши эл аралык юридикалык компаниялардан келген маалыматтардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде козголду.

Маалыматка караганда, маркум президенттин кызы «Кувасайцемент» жана «Бекабадцемент» деген эки мамлекеттик компаниянын акцияларын арзан баада сатып алып, кайра чет элдиктерге саткан. Мындан тышкары ал коркутуу жолу менен бир нече жаранды мүлктөрүн өзүнө таандык компанияларга сатууга мажбурлаган.

Буга чейин Гүлнара Каримовага каршы «Коррупция» жана «Акчанын изин жашыруу» беренелери менен Өзбекстанда, АКШда жана бир катар Европа өлкөлөрүндө кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал кезинде Өзбекстанда мобилдик байланыш кызматын көрсөтүүнү каалаган чет өлкөлүк телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард долларга жакын пара алган.

2017-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалап акча талап кылуу» жана «Офшор компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга соттолгон

Быйыл мартта ал үй камагынын шарттарын «одоно бузган» деп айыпталып, Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар абагына жеткирилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17