Аймак

АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ НУР-СУЛТАНДАГЫ C5+1 САММИТИНЕ КАТЫШАТ

АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ НУР-СУЛТАНДАГЫ C5+1 САММИТИНЕ КАТЫШАТ

 742 Бардыгы /

АКШ мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл 20-августта Борбор Азия өлкөлөрүнө төрт күндүк расмий сапары менен келет.

Сапардын жүрүшүндө Хейл 21-августта Нур-Султан шаарында өтө турган C5+1 форматындагы саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан) Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушат.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбор Азиянын өнүгүшү жана коопсуздугу, ошондой эле өз ара байланыштарды бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттерди талкуулашат», — деп билдирди Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы.

C5+1 форматындагы жолугушуу алгачкы жолу 2015-жылы ноябрда уюштурулуп, анын алкагында АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланып келет.

Маалыматтарга караганда, саммиттен кийин Хейл Казакстандын аткаминерлери менен өзүнчө жолугуп, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын кийинки күндөрү ал Ташкентке барып, Өзбекстандын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугушат деп күтүлүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17